Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына жардам көрсөттү.
Саламаттыкты сактоо секторун колдоо долбоордун алкагында КОВИД-19га чалдыккан
бейтаптар дарыланган борборлордо кошумча 80 орундук пайда болот. Ошондой эле
тез жардам унаалары алынат. Аталган ооруканаларда иштеген медицина
кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалат.