Ош шаарынын тургундары жылуулук тармактарына 50 миллион сомдон ашык карыз

Ош шаарынын тургундары жылуулук тармактарына 50 миллион сомдон ашык карыз.

Бул тууралуу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көп өлчөмдө карызы бар жана төлөмдөрдү көп убакытка чейин

аткарбагандардан акчалар сот аркылуу өндүрүлөт. Бул багытта иштер жүрүп жатат.

Карантинге байланыштуу керектөөчүлөрдүн карыздарына кошулган туумдар кыскартылып,

жеңилдик берилүүдө. Кошумчаласак, аталган ишкана аркылуу 28/8 көп кабаттуу үй,

95 мекеме жана 48 турак-жайга жылуулук таратылат.