“Наполи” “Ювентусту” жеңип, Италиянын кубогун алтынчы ирет утту.
Беттештин негизги убактысында эсеп 0:0 боюнча аяктады. Регламентке ылайык,
футболчуларга кошумча убакыт берилбей, 11 метр аралыктан пенальти дайындалды.
Анда «Наполи» командасы 4:2 эсебинде атаандашын жеңип алды. Муну менен
«Ювентус» 13-ирет кубоктун жеңүүчүсү болсо, «Наполи» командасында 6 кубок бар.