Өзбекстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди.
Карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылганына карабастан
мектепке чейинки даярдоо мекемелери иштеп баштайт, — дешти өлкө бийлигинен.
Эми балдар жана тарбиячылар үчүн коопсуз шарт түзүлөт. Бир катар талаптар коюлат.
Белгилеп кетсек, Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан тартып
өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери карантинге жабылган.