Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга 500 миллион сом бөлүндү

Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашырууга 500 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 196 долбоор каржыланып, ага 504 миллион сом жумшалат. Каражаттардын басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча, спорттук жайларга, инженердик жана коммуникациялык инфраструктураны жакшыртууга багытталат.

“Твиттер” чиновниктердин аккаунттарын белгилеп баштады

“Твиттер” корпорациясы чиновниктердин жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын белгилеп баштады. Белгилөө ошондой эле ММКлардын редакторлоруна жана өкүлдөрүнө тиешелүү. Бул мамлекет өкүлдөрү менен “Твиттер” колдонуучулары ортосундагы байланышты жеңилдетүү максатында жасалууда. Азырынча беш өлкөнүн, анын ичинде Россиянын аккаунттары да көрсөтүлүп жатат. Буга чейин мындай жобону “Фейсбук” киргизген… Кененирээк…

Оренбург облусунан 23 автобус менен Кыргызстандын 1 миң 356 жараны кайтып келди

Оренбург облусунан 23 автобус менен Кыргызстандын 1 миң 356 жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Кечээ автобустардын биринчи колоннасы келген болчу. Ушуну менен жалпысынан Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен дээрлик 2,5 миң жаран мекенге жеткирилди. Тышкы иштер… Кененирээк…

Кыргызстан бүгүнтөн тартып Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен аба каттамдарын жандантты

Кыргызстан бүгүнтөн тартып Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен аба каттамдарын жандантты. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Түркия менен Кыргызстан ортосунда жумасына 7 ирет, ал эми Дубай – Бишкек – Дубай багыты боюнча аптасына бир жолу аба жолдору уюштурулат. Билеттерди сатып… Кененирээк…

Лос-Анджелес бийлиги үйүндө кече уюштургандардын суусун жана жарыгын өчүрөт

Лос-Анджелес бийлиги үйүндө кече уюштургандардын суусун жана жарыгын өчүрөт. Калаа мэри Эрик Гарсетти билдиргендей, түнкү клубдар, барлар жабылгандан бери үйүндө өткөрүлгөн кечелер кескин көбөйдү. Мындай фактылар катталса тиешелүү мекемелерге коммуналдык кызматтарды өчүрүү тапшырмасы берилди. Акыркы маалыматтарга ылайык, Лос-Анджелес жайгашкан Калифорния штаты коронавируска кабылгандардын саны боюнча… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы оорукананын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Бишкектеги жаңы оорукананын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда дубалдардын темир конструкциясы жана чатырдын фермасы даярдалууда. Учурда объектиде тиешелүү техникалар тартылып жана 50 жумушчу иштеп жатат. Эске салсак, ордо калаада 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталган. Имарат тез тургузулуучу конструкция менен… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы оорукана пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы оорукана пайда болот. Өкмөттүн облстагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык мекеме 150 орунга ылайыкташат. Ал Баш-Булак айылында салынууда. Учурда куруучулар чатырын жаап, терезелерин орнотуп, электр зымдарын өткөрүп жатышат. Мекеме пандемия аяктаганга чейин жугуштуу илдеттер ооруканасы болот. Кийин терапевттик медициналык мекеме катары пайдаланылат

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Скрябин, Шүкүров, Карадарыя, Токтоналиев, Москва, Ибраимов, Токтогул жана Патриса Лулумба көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, чыгыш 5 жана 6-кичирайондо, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Дордой 2, Ак-Босого конуштарынын айрым тилкелеринде электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөөлөр… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн видео сабактарды тартууну улантууда

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн видео сабактарды тартууну улантууда. Иштерге сынактык негизде 260 мугалим тандалып алынды. Педагогдор алдын-ала атайын окуудан өтүштү. Жаңы видео сабактардын сапатына көңүл бурулат. Аларды тартуу учурунда жыйынтыкталган окуу жылында кетирилген кемчиликтер эске алынат. Видео материалдар  oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Алар… Кененирээк…

Оренбург облусунан келе жаткан мекендештердин дагы бир тобу Казакстан аймагында келе жатат

Оренбург облусунан келе жаткан мекендештердин дагы бир тобу Казакстан аймагында келе жатат. Автобустардын биринчи калоннасы кечээ келди. Анын менен өлкөгө 1 миң 100 жаран жеткирилди, — дешти тышкы иштер министрлигинен. Буга чейин Казактан кыргызстандыктардын кайтып келүүсү үчүн таранзиттик коридор ачып берген. Буга катар министрлик Россиядагы… Кененирээк…