Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавируска каршы вакцинаны каттады

Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавируска каршы вакцинаны каттады. Бул тууралуу президент Владимир Путин жарыялаганын  РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, каттоо бүгүн эртең менен жүргүзүлдү. Буга чейин Россия вакциналарды даярдоо иштерин активдүү жүргүзүп келген. Ал бир нече адамдан сыноодон өткөрүлдү.

Бишкектин түштүк тарабындагы жаңы сейил бак жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет

Бишкектин түштүк тарабындагы жаңы сейил бак жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда бардык жумуштар аяктады. Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, веложолчо, 300 орундуу амфитеатр жана медициналык түйүн жайгашкан. Белгилеп кетсек, аталган эс алуу жайына коронавируска… Кененирээк…

Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге алынды

Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге алынды. Учурда айылга мал алып кирип-чыгууга тыюу киргилди. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, аймактын алты тургуну Сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ооруканага түшкөндөрдүн абалы жакшы. Учурда аймакта дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Ар бир тургун дары ичип, ийне… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 15-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу суу ташкындашы ыктымал. Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли да көтөрүлөт. Андыктан жарандарга жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат.

Ордо калаада тыюу салынган той аштарды өткөрүү фактылары катталууда

Ордо калаада тыюу салынган той аштарды өткөрүү фактылары катталууда. Мэриядан билдиришкендей, санитардык-экологиялык инспекция акыркы 10 күндө массалык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерге 80 миң сомго айып салды. Алар ордо калаадагы кафе, чайханалар. Эреже бузуулар көбүнчө дем алыш күндөрү катталууда. Белгилеп кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу массалык иш-чараларды,… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 10 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 10 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда. Мамлекеттик курулуш агенттигинен novosti.kgге билдиришкендей, алар 6 жалпы билим берүү мекемеси жана 4 кошумча корпустар. Объектилер Чүй, Баткен, Ош жана Талас облустарынын райондорунда жайгашкан.  Агенттиктен белгилешкендей, аталган курулуштарды толугу менен аягына чыгарууга дагы 29 миллион сом керектелет.… Кененирээк…

Мектептерде окуу формасы санэпидем көзөмөл кызматынын чечимине жараша болот

Мектептерде окуу формасы санэпидем көзөмөл кызматынын чечимине жараша болот. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, эпидемиологиялык абалы туруктуу аймактардын окуучулары мектепке барып билим ала алышат. Бирок кооптуулук жаралган аймактарда сабактар аралыктан өткөрүлөт. Министрлик ошондой эле үчүнчү вариантты иштеп чыкты. Ага ылайык, бир гана… Кененирээк…

Кыргызстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Кыргызстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиологиялык  кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден-соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шарттарда ишмердүүлүк жүргүзө алат.   Бирок аларга аймактык Санэпидем кѳзѳмѳл  борборлору жана жергиликтүү бийлик… Кененирээк…

Түркияга кирүү эрежелери өзгөрдү

Түркияга кирүү эрежелери өзгөрдү. Эми туристтер саякат учурунда анкета толтуруп, Түркияда кала турган жайларынын жаректери жана байланыш номурун жазышы керек.   Бул маалыматтар кийинчерээк эгер рейсте коронавируска чалдыккандар аныкталса, алардын жанында учкандарды табуу үчүн ИИМдин базасына киргизилет.   Ошондой эле, Түркияга учуучу рейстерде кол жүгүнө… Кененирээк…

Олуттуу себеби жок жарандар Россияга киргизилбейт

Олуттуу себеби жок жарандар Россияга киргизилбейт. Элчиликтен аталган өлкөнүн  аймагында чет элдиктердин киришине чектөөлөр алына электигин эскертишти. Учурда Россия  менен Кыргызстандын ортосунда жүргүнчүлөрдүн туруктуу аба каттамы калыбына келе элек.   Россия менен Казакстандын чек арасы да жабык. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элчилик Кыргызстанга барууга олуттуу себеби… Кененирээк…