Мектептерде окуу формасы санэпидем көзөмөл кызматынын чечимине жараша болот

Мектептерде окуу формасы санэпидем көзөмөл кызматынын чечимине жараша болот.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей,

эпидемиологиялык абалы туруктуу аймактардын окуучулары мектепке барып билим ала алышат.

Бирок кооптуулук жаралган аймактарда сабактар аралыктан өткөрүлөт.

Министрлик ошондой эле үчүнчү вариантты иштеп чыкты. Ага ылайык,

бир гана 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары кадимки режимде окуп калат.

Класстар топторго бөлүнөт жана сабактар ийкемдүү жүгүртмөдө уюштурулат.