Синоптиктер бишкектиктерди катуу шамал тууралуу эскертет
Синоптиктер бишкектиктерди катуу шамал тууралуу эскертет. Туруксуз аба-ырайы бүгүн кечинде күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, ордо калаада шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Андыктан, жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми унааларды бак-дарактардын алдына тоткотпош керек.