Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 15-августка чейин күтүлүп жаткан
нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу суу ташкындашы ыктымал.
Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли да көтөрүлөт.
Андыктан жарандарга жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат.