Парламенттик шайлоолорго карата жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен эртелеп текшерип алышы керек

Парламенттик шайлоолорго карата жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен эртелеп текшерип алышы керек. Novosti.kgге БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бул үчүн tizme.gov.kg порталы жеткиликтүү.   Анда шайлоочулардын тизмеси күн сайын жаңыланып, бардык маалымат киргизилип турат, — деди Шайлдабекова. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор быйыл  4-октябрда өтөт.

Япониялык теннисчи Наоми Осака дүйнөнүн эң бай спортчу айымы аталды

Япониялык теннисчи Наоми Осака дүйнөнүн эң бай спортчу айымы аталды. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, ал бир жылда 35 миллион доллар тапты – кирешесинин басымдуу бөлүгү жарнамадан түшкөн.   Рейтингдин алдыңкы 9 сабын теннис спортчулары ээледи. Осакодон кийинки орундарда америкалык Серена Уильямс жана австралиялык спортчу Эшли… Кененирээк…

Москвадан 235 кыргызстандык жеткирилди

Москвадан 235 кыргызстандык жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чартердик каттам менен студенттер, кош бойлуу жана балалуу аялдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана мекенине чукул кайтууга муктаж болгондор  келишти.   Ведомство маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Россиядан 20 миңден ашык кыргыз жараны мекенине кайтты.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы 2 ооруканага жаңы медициналык жабдуулар тапшырылат

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы 2 ооруканага жаңы медициналык жабдуулар тапшырылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Медицина жайларынын жетекчилиги зарыл болгон жабдуулардын тизмесин түзүп, жергиликтүү бийлик органдарына тапшырышкан. Белгилүү болгондой, аппараттарды сатып алууга облусту өнүктүрүү фондунан 17 миллион сом бөлүнөт.

Биринчи класстын окуучулары күн сайын мектепке барып окуйт

Биринчи класстын окуучулары күн сайын мектепке барып окуйт.   Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен айтып беришти. Ведомстводон белгилешкендей, азырынча ушундай вариант каралып жатат.   Санитардык кызматтар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп, зарыл болсо, өзгөртүүлөр киргизилет. Эске салсак, быйыл биринчи класска 156 миң 430 бала барат.… Кененирээк…

Учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо жүрүүдө

Учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо жүрүүдө. Бул тууралуу кененирээк Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлддабекова айтып берет.    “Акыркы чечим ушу шайлоого 7 күн калганда жарыяланышы керек. Ошондо шайлоо участкаларына илинет. Шайлоочулардын тизмесин тактоо болуп атат. Биз бардык шайлоочулардын чакырып кетет элек, өзүңүздөрдү, участкаларыңызды тактап алсаңыздар. 20-сентябрга чейин… Кененирээк…

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери тынымсыз уланууда

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери тынымсыз уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, “Москва – Бишкек” багыты боюнча чартердик каттамы менен 232 кыргызстандык учуп келди. Ал аркылуу Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле саламаттыгы начар жарандар киргизилди.

Кыргызстанда 318 бейтап коронавирусту жеңип, сакайып чыкты

Кыргызстанда 318 бейтап коронавирусту жеңип, сакайып чыкты. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, Бишкек – 60, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 71, Таласта – 9, Нарында – 4, Ысык-Көлдө – 40, Жалал-Абад облусунда – 49 жана Баткенде… Кененирээк…

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын кире беришиндеги жол түздөлдү

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын кире беришиндеги жол түздөлдү. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпысынан 1 чакырымдан ашык тилке ремонттолду. Иштерди аймактык жол тейлөө ишканасынын кызматкерлер жүргүзүштү. Оңдоо жумуштарына каражат жеке демөөрчү тарабынан бөлүнүп берилди. Эми 3 күндүн аралыгында Ат-Башы, Бирлик, Ак-Моюн, Ак-Муз айылдарынын жолдору түздөлөт.

Япониянын аймагындагы абанын эң жогорку температурасы жаңыланды

Япониянын аймагындагы абанын эң жогорку температурасы жаңыланды. Рекорд Хамамацу шаарында катталды. Калаада абанын температурасы 41,1 градуска жетти. Ал эми өлкөдөгү мурунку рекорд 2018-жылдын 23-июлунда Кумагая шаарында 41 градус болуп катталган болчу. Учурда Япониянын ордо калаасы Токиодо абанын температурасы +35 градустун тегерегинде сакталууда.