Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, “Москва – Бишкек” багыты боюнча
чартердик каттамы менен 232 кыргызстандык учуп келди. Ал аркылуу Россиянын
ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар,
ошондой эле саламаттыгы начар жарандар киргизилди.