Москвадан 235 кыргызстандык жеткирилди

Москвадан 235 кыргызстандык жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чартердик каттам менен студенттер, кош бойлуу жана балалуу аялдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана мекенине чукул кайтууга муктаж болгондор  келишти.

 

Ведомство маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Россиядан 20 миңден ашык кыргыз жараны мекенине кайтты.