Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы 2 ооруканага жаңы медициналык жабдуулар тапшырылат

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы 2 ооруканага жаңы медициналык жабдуулар тапшырылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Медицина жайларынын жетекчилиги зарыл болгон жабдуулардын тизмесин түзүп, жергиликтүү бийлик органдарына тапшырышкан. Белгилүү болгондой, аппараттарды сатып алууга облусту өнүктүрүү фондунан 17 миллион сом бөлүнөт.