Япониянын аймагындагы абанын эң жогорку температурасы жаңыланды.
Рекорд Хамамацу шаарында катталды. Калаада абанын температурасы
41,1 градуска жетти. Ал эми өлкөдөгү мурунку рекорд 2018-жылдын 23-июлунда
Кумагая шаарында 41 градус болуп катталган болчу. Учурда Япониянын
ордо калаасы Токиодо абанын температурасы +35 градустун тегерегинде сакталууда.