Кыргызстанда 318 бейтап коронавирусту жеңип, сакайып чыкты.
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей,
Бишкек – 60, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 71, Таласта – 9,
Нарында – 4, Ысык-Көлдө – 40, Жалал-Абад облусунда – 49 жана Баткенде – 28 жаран айыкты.
Ушуну менен коронавирус жана пневмониядан айыккандардын жалпы саны 34 миң 885 киши болду.