Япониялык теннисчи Наоми Осака дүйнөнүн эң бай спортчу айымы аталды. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, ал бир жылда 35 миллион доллар тапты – кирешесинин басымдуу бөлүгү жарнамадан түшкөн.
Рейтингдин алдыңкы 9 сабын теннис спортчулары ээледи. Осакодон кийинки орундарда америкалык Серена Уильямс жана австралиялык спортчу Эшли Барти турат.