АКШнын Лос-Анжелес шаарында коомдук унааларды акысыз кылуу пландалууда

АКШнын Лос-Анжелес шаарында коомдук унааларды акысыз кылуу пландалууда. Ал эми чыгым мамлекеттик грант жана жарнамадан түшкөн каражаттан камсыздалат. Бул пандемиядан улам шаардын көпчүлүк жашоочулары жумушсуз калып, жол акы төлөө мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу. Белгилеп кетсек, мартта Лос-Анжелесте жүргүнчүлөрдүн саны 50 пайызга кыскарганы байкалган.

Ош облусунун Алай районунда жаңы спорткомплекс жана эки бала бакча пайда болду

Ош облусунун Алай районунда жаңы спорткомплекс жана эки бала бакча пайда болду. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда объектилер пайдаланууга берилди. Жошолу айылында салынган спорткомплекстин курулушуна республикалык бюджеттен 14 миллион миң сом сарпталган. Ал эми Тогуз-Булак айылында салынган 75 орундуу бала бакчанын курулушуна 8 миллион сом… Кененирээк…

Баткендин алыскы Зардалы айылына электр энергиясы жеткирилет

Баткендин алыскы Зардалы айылына электр энергиясы жеткирилет. «Ош электр» ишканасынан билдиришкендей, иштердин алкагында узундугу 10 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартуу маселеси каралды. Муну менен аймактагы ар бир үйгө электр энергиясы жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, айылдан төрт чакырым алыстыкта жайгашкан чек ара бөлүгүнө да… Кененирээк…

Кыргызстанда жарандардын колундагы бардык курал-жарактар текшерилет

Кыргызстанда жарандардын колундагы бардык курал-жарактар текшерилет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай иш-чара шайлоого карата коомдук тартипти сактоо максатында жасалууда. Анын алкагында бардык жеке менчик кайтаруу агенттиктери жана анда иштеген кызматкерлер, белекке берилген, травматикалык жана өзүн-өзү коргоого ала турган курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле… Кененирээк…

Коронавирустан айыккан бейтаптарды кайра калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты

Коронавирустан айыккан бейтаптарды кайра калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди. Анын айтымында, реабилитацияны үй шартында көп дары ичпей эле жасоо керек. Аталган программа коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколго киргизилген. Анда дүйнө жүзүндө жасалып жаткан, жөнөкөй,… Кененирээк…

Калифорнияда дүкөнгө аюу кирип келип, аны тоноду

Калифорнияда дүкөнгө аюу кирип келип, аны тоноду. “Кылмыштын” видеосу социалдык тармактарда жайылууда. Анда көрүнгөндөй, жырткыч дүкөнгө кирип келет, сатуучу аны кубалай албай көпкө убара тартат.   Бир маалда жини келген аюу товарларды жерге ыргытып, арасынан шоколадды ачып жей баштаган. Бул окуя биринчи жолу кайталанган жок,… Кененирээк…

Лос-Анжелесте температуранын абсолюттук рекорду катталды

Лос-Анжелесте температуранын абсолюттук рекорду катталды – 49,4 градус. Бул тууралуу АКШнын улуттук метеорологиялык кызматы кабарлады. Шаар тургундары социалдык тармактарда ар кайсы буюмдардын күнгө ээрип жатканын жайгаштырууда.   Бирок мындай абалдын жакшы жактарын көргөндөр да бар,  алсак унаанын алдыңкы айнегинде тамак жасаса болот, — дешет алар.… Кененирээк…

БШК бюджет кайда багыттала турганын атады. Каражат тууралуу кененирээк Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет

БШК бюджет кайда багыттала турганын атады. Каражат тууралуу кененирээк Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иштет. Алар үчүн ай сайын сый акы каралган. Аз эле, 2 миңден 3 миңге чейин. Бирок жалпылап караганда ал көп сумманы түзөт – 200 миллиондон ашык.… Кененирээк…

Австралиялык жаран музда эки сааттан ашык отуруп дүйнөлүк рекорд жаратты

Австралиялык жаран музда эки сааттан ашык отуруп дүйнөлүк рекорд жаратты. Йозеф Кёберл 200 килограмм муз салынган айнекте отурду. Ал мойнуна алгандай, эксперименттин жүрүшүндө анын денеси чыдагыс оору басканы менен, жакшы нерселерди ойлоп чыдаганга аракет кылды.   Эркектин бул аракети Гиннес рекорддор китебине катталды.

Бишкектин Көк-Жар конушундагы ачык люктар айдын аягына чейин толук жабылат

Бишкектин Көк-Жар конушундагы ачык люктар айдын аягына чейин толук жабылат. Мэриядан билдиришкендей, аймакта суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат, ал аягына чыккан соң, люктар дагы жабылып, жол түздөлөт.   Белгилеп кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар бардык люктар ачык калтырылып, кооптуу болуп жатканына арызданышкан.