Калифорнияда дүкөнгө аюу кирип келип, аны тоноду

Калифорнияда дүкөнгө аюу кирип келип, аны тоноду. “Кылмыштын” видеосу социалдык тармактарда жайылууда. Анда көрүнгөндөй, жырткыч дүкөнгө кирип келет, сатуучу аны кубалай албай көпкө убара тартат.

 

Бир маалда жини келген аюу товарларды жерге ыргытып, арасынан шоколадды ачып жей баштаган. Бул окуя биринчи жолу кайталанган жок, жаныбар буга чейин дагы келип жүргөнү айтылат.