Коронавирустан айыккан бейтаптарды кайра калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты

Коронавирустан айыккан бейтаптарды кайра калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, реабилитацияны үй шартында көп дары ичпей эле жасоо керек. Аталган программа коронавирусту

дарылоо боюнча 4-протоколго киргизилген. Анда дүйнө жүзүндө жасалып жаткан, жөнөкөй, ашыкча каражатты талап

кылбаган ыкмалар бар. Программанын негизинде учурда дарыгерлер окутулуп, инструкторлор даярдалууда.