Кыргызстан мектептеринде этап менен кадимки окуу режимине кайтуу маселеси каралууда

Кыргызстан мектептеринде этап менен кадимки окуу режимине кайтуу маселеси каралууда. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “Кыргызстанда, дүйнө жүзүндө туруктуу кырдаал болуп турса, бизге тиешелүү органдар акырындык менен уруксат бере баштайт. Акыркы медициналык изилдөөлөрдүн негизинде балдар оорубайт экен,… Кененирээк…

Ошто текстиль фабрикасы күйүп кетти

Ошто текстиль фабрикасы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо кечээ кечки саат 8де чыгып, аны 1,5 саатта курчоого алууга мүмкүн болду.   Ал эми толугу менен жалын түн жарымда гана өчүрүлдү. Жалпысынан 686 чарчы метр аянт күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындап калды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындап калды.  Бул улуттук валюта менен эсептегенде 270 миллиард 268 миллион сомду түзөт, — дешти Каржы министрлигинен.   Чет өлкөдөн алынган каражат мамлекеттик насыянын 86,4 пайызын түзүп, 4 миллиард 169,6 миллион долларга жетти. Ал эми ички бересенин суммасы 13,6… Кененирээк…

Россиялык диетолог жаштыкты сактоочу 5 азыкты атады

Россиялык диетолог жаштыкты сактоочу 5 азыкты атады. Михаил Гинсбургдун айтымында, күнүнө 2 чыны көк чай ичүү – карылык процессин жайлатат. Тизмеге ошондой эле, зайтун майы, зыгыр уругу жана балык кирет.   Бул азыктар склероздон коргойт. Андан тышкары Гинсбург шекер кошулбаган кара шоколадды сунуштайт. Себеби кандагы… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянты башаламан соода кылган түйүндөрдөн тазаланды

Бишкектин Ала-Тоо аянты башаламан соода кылган түйүндөрдөн тазаланды. Ордо калаа муниципалитетинен билдиришкендей, рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен велосипеддерди ижарага берген 13 түйүн жабылды.   Алар мыйзамсыз иштеп келгени аныкталды. Бул жаатта иштер уланат, — дешти мэриядан.

Ош шаарынын ЖЭБи жылуулук сезонуна даяр

Ош шаарынын ЖЭБи жылуулук сезонуна даяр. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бардык буу казандар текшерүү жана оңдоо иштеринен өттү. Ошондой эле, магистралдык жылуулук тармактары калыбына келтирилди.   Белгилеп кетсек, Ош ЖЭБи 330 көп кабаттуу үйдү, 12 медициналык жайды, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 жогорку окуу… Кененирээк…

Окуучулардын мектепке келип билим алышына азырынча эрте

Окуучулардын мектепке келип билим алышына азырынча эрте. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жарыялады. Өлкө башчынын айтымында, республикада эпидемиологиялык абал дале кооптуу.   Балдар окууга, тыныгуу учурунда оюнга алаксып, санитардык эрежелерди этибарга албай калышы мүмкүн.   Республикалык штаб абалды толук анализдеп, дистанттык окутуу режимин узартуу чечимин… Кененирээк…

Смартфондор эске тутуу жөндөмүн начарлатат

Смартфондор эске тутуу жөндөмүн начарлатат. Россиялык терапевт-дарыгер Олеся Набокова билдиргендей, телефонго сүрөткө тартуу, навигацияны пайдалануу жана интернеттен маалыматтарды кароо эске тутууда көйгөй жаратат.   Чакан изилдөөлөрдүн жүрүшүндө, интернет чектелген учурга караганда, маалыматты эркин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда адамдын фактыларды эске сактап калуусу начарлай турганы… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин Чүй проспектинде, Абдрахманов, Токтогул, Алыбаев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Ала-Тоо конуштарында, Кашка-Суу, Лебединовка, Таш-Мойнок, Шалта, Сокулук айылдарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Мектептердеги каникулдардын болжолдуу күндөрү айтылды

Мектептердеги каникулдардын болжолдуу күндөрү айтылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулар күзгү каникулга 2-ноябрдан  9-ноябрга чейин тарамай болушту. Кышкы каникул жылдагыдай 30-декабрдан 11-январга  чейин созулат.   Ал эми жазгы каникул 22-марттан 30-мартка чейин деп белгиленди. Жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду.   Үчүнчү чейректе… Кененирээк…