Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот.
“Түндүк электр” ишканасынын маалыматына караганда,
бүгүн кечки саат 6га чейин Осмонкул, Токтогул, Сүйүнбаев,
Сыдыков, Киев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 кичирайонунда,
Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Дордой 2, Ак-Босого, Көлмө, Ак-Ордо жана
Ала-Тоо конуштарынын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт.
Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.