Маданият министрлиги өкмөттөн кинотеатрлардын ишин жандантууну суранууда

Маданият министрлиги өкмөттөн кинотеатрлардын ишин жандантууну суранууда.

Ведомстводон белгилешкендей, кино үйлөрү мартта эле жабылгандыктан, каржы жагынан чоң чыгымга учурады.

Кинотеатр ээлери мекемелердин сактап туруу үчүн, күзөт жана коммуналдык кызматтарга каражат сарпташууда.

Көпкө сузулган тыныгуу кызматкерлердин башка тармактардан жумуш издешине алып келет.

Бул квалификациясы жогору адистерди жоготууну шарттайт. Министрликтен кошумчалашкандай,

билеттерди сатуудан түшкөн каражат мамлекет бюджетинин кирешелүү бөлүгү.