Иммунитетти чыңдоочу эң пайдалуу азык аталды

Иммунитетти чыңдоочу эң пайдалуу азык аталды. Тамактануу боюнча адис Марина Сергиенко билдирдиргендей, суук күндөрү авокадону көбүрөөк жеш керк. Анда D, E витаминдери жана омега майлар дагы өтө көп көлөмдө бар.   Авокадо пайдалуу кычткылтек жана майларга бай болгондуктан, кышкысын адамдын организмин пайдалуу азыктандырат. Мөмөнү күндүн… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы жок болот

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Огонбаев, Айтматов, Юнусалиев, Жантөшов көчөлөрүндө, Ак-Босого конушунда, Восток, Байтик, Көк-Жар, Шалта, Сокулук айылдарында өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Коронавирустан улам Британия карантинге кайтат

Улуу Британия Европадагы башкы өлкөлөр сыяктуу бир айлык карантин жарыялайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон 31-октябрда билдирди. Анын айтымында, карантин 5-ноябрда башталып, бир айга созулат. Бул учурда тургундар “өзгөчө учурда” гана үйүнүн чыгышы керек. Мындай өзгөчө учурга алгачкы зарылдыктагы тамак-аш, буюм-тайым сатып алуу, жумушка,… Кененирээк…

Кыргызстан окуучулары каникулга тарашты

Кыргызстан окуучулары каникулга тарашты. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, күзгү эс алуу 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин уланат, бирок 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болгондуктан, эс алуу күндөрү 9-10-ноябрга жылды.   Натыйжада, окуучулардын 2-чейреги 11-ноябрда башталат.

Америкалык окумуштуулар коронавирусту фитнес-браслеттин жардамы менен аныктоонун жаңы жолун табышты

Америкалык окумуштуулар коронавирусту фитнес-браслеттин жардамы менен аныктоонун жаңы жолун табышты. РИА Новости жазгандай, фитнес-браслет тагынып жүргөндөр оорунун алгачкы белгилери баштала электе эле организминдеги өзгөрүүлөрдү байкай алышат.   Мисалы, мурдагыдан бат-бат дем ала баштаганы, күрөө тамырдын тез согушу жана уйкунун бузулушу билинген.   Окумуштуулар жаңы ыкма менен… Кененирээк…