Кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу.
Облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоону макулдашып, 7-майда катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени кабарланды.
Эске салсак, кечээ Лейлек районунда тажикстандык малчылар менен биздин чек арачылар ортосунда ок атышуу катталган.