Бул жумадан кийин кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат

Бул жумадан кийин кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат.   Эске салсак, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Быйыл бул күндөр ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен, эс алуу дүйшөмбү жана шейшембиге жылат. Демек, 7-10-ноябрда кыргызстандыктар катары менен эс алат.

Ысык-Көл облусунда өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды

Ысык-Көл облусунда өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды. Аймакты эми Элчибек Жантаев жетектейт. Ал буга чейинки өкүлдүн орун басары, ага дейре Түп, Ак-Суу райондорунун акими болуп эмгектенген.   Эске салсак, облустун буга чейинки жетекчиси Балбак Түлөбаев Бишкектин мэри болуп дайындалган.

Кыргызстанда дагы 332 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 332 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 60, Ошто 52, Чүйдө 41, Таласта 3, Ысык-Көлдө 19, Жалал-Абадда 82, Баткенде 75 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 50 миң 741ди түздү.

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетти

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 76га жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттиги билдирген.   Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетсе, жабыркагандардын саны 962 адамды түздү. Буга чейин 73 адам каза болуп, 961 адам жаракат алганы кабарланган.… Кененирээк…

Өзбекстанда  күнүнө 10 миң кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3 миң сум берилет

Өзбекстанда  күнүнө 10 миң кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3 миң сум берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду. Жаңы планга ылайык, күнүмдүк акы чогулуп отуруп, ай сайын ар бир райондо жана шаарда эң көп жөө жүргөн кишиге 300 миң сум ыйгарылат.   Ал эми… Кененирээк…

Мексикада ишкер Рикардо Салинас Плиего  өз банкынын кардарларына 1 миллион песо таратты

Мексикада ишкер Рикардо Салинас Плиего  өз банкынын кардарларына 1 миллион песо таратты. Бул болжол менен дээрлик 4 миллион сомду түзөт. Мындай берешендик ага коронавирустан кийин айыккандан кийин келди.   Кызыгы, бул сумманы кандай бөлүштүрүүнү анын инстаграм катталуучулары чечти.   Жыйынтыгында, 100 адам 10 миң песодон… Кененирээк…

Кыргызстанда спорттун салтанаттуу түрлөрү, элдик оюндар жана маданият боюнча ассоциация түзүлдү

Кыргызстанда спорттун салтанаттуу түрлөрү, элдик оюндар жана маданият боюнча ассоциация түзүлдү. Дене-тарбия жана жаштар мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бирикмеге 11 федерация кирип, аны Алмазбек Касенов жетектеди.   Ассоциация калк арасында спорттун улуттук түрлөрүн, элдик оюндарды жана маданиятты жайылтуу максатында түзүлдү.

Кыргыз-пакистан комиссиясы жогорку окуу жайлардын лицензияларын текшере

Кыргыз-пакистан комиссиясы жогорку окуу жайлардын лицензияларын текшерет. Билим берүү министрлигинин өкүлү Чынара Мааткеримова билдиргендей, медициналык багытта билим берген окуу жайлардын студенттерди даярдоо деңгээли жана студенттерди кабыл алуу критерийлери дагы текшерилет.   Эске салсак, 29-октябрда Пакистандын медициналык комиссиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларын “кара тизмеге” киргизгенин жарыялады.… Кененирээк…

БШК президенттик шайлоого талапкерлер үгүт кампаниясына канча акча корото турганын айтып беришти

БШК президенттик шайлоого талапкерлер үгүт кампаниясына канча акча корото турганын айтып беришти. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик эң жогорку постко талапкер өз каражатынан 15 миллион сомдон ашык корото албайт.   Ал эми талапкердин шайлоо фондундагы акчанын суммасы 200 миллион сомдон ашпашы керек.   Боршайкомдон белгилешкендей, жалпы шайлоочулардын… Кененирээк…

Түндө Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.   Билдирмеге ылайык, жер силкинүү 2-ноябрга караган түнү саат 00:05те болгон.   «Ал Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта. ӨКМ жер титирөөдөн… Кененирээк…