Жогорку Кеңеш экономикалык амнистия жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Жогорку Кеңеш экономикалык амнистия жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Документтин демилгечилери экономикалык кылмыштарды жасаган ишкерлерди материалдык зыянды эки эселеп төлөп бергенден кийин кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сунушташты.   Эгер экономикалык кылмыш кайра катталса, анда амнистия колдонулбайт, ишкер жоопкерчиликтен бошотулбайт.

Жаңы жыл түнү жакшы тамак даярдоо гана эмес, туура кийим тандоо дагы маанилүү

Жаңы жыл түнү жакшы тамак даярдоо гана эмес, туура кийим тандоо дагы маанилүү.   Астрологдордун айтымында, Уй жылынын башкы талабы – элегенттуу токтоолук. Кийим тандоодо боз, көгүш, агыш жана күмүш түстөргө басым жасоо сунушталат.   Жаныбарлардын принттерин, мисалы, леопард кофталарды быйыл унутуу керек. Уй жылына… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигине 20 миң долларга медициналык жабдуулар тапшырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигине 20 миң долларга медициналык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. 20 миң ПЦР тест системасы түрүндөгү гуманитардык жардамды эл аралык уюмдар көрсөттү.   Коронавирусту аныктоо каражаттары өлкө аймактарындагы ооруканаларга тапшырылат.

Баткен облусунда күйүп кеткен мектептин ордуна жаңысы курулат

Баткен облусунда күйүп кеткен мектептин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Өмүрзак Анарбаев билдирди.   Анын айтымында, кайра кабыл алуу иштери башталды. Жалпы билим берүү мекемеси 100 орунга чакталат. Объектти тургузуу 8 миллион сомго айланат. Эске салсак, Чоң-Талаа айылынын орто мектеби… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы 1 дарекке 10 адамдан ашык каттоого тыюу салды

Мамлекеттик каттоо кызматы 1 дарекке 10 адамдан ашык каттоого тыюу салды.   Бул тууралуу ведомство төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында,  4-октябрда өткөн парламенттик шайлоолордон кийин жарандарды каттоо укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди.   Бул чара шайлоого гана эмес, башка турак-жай суроолоруна дагы тиешелүү, — деди… Кененирээк…

Кыргызстандыктар tizme.gov.kg сайтына баш багып, өздөрүн анда бар-жоктугун текшерип алууга 5 күн калды

Кыргызстандыктар tizme.gov.kg сайтына баш багып, өздөрүн анда бар-жоктугун текшерип алууга 5 күн калды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эске салгандай, жарандар 29-декабрга чейин текшерип алышы керек.   Тизмелер шайлоо тилкелеринде жана сайтта жеткиликтүү. Эгер анда кандайдыр бир ката кетсе, Боршайкомго тиешелүү арыз менен кайрылуу керек. Эске… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жаңы арзандатылган тарифтери

«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын 1-январынан тарта акы төлөнүүчү кызматтардын баасын орто эсеп менен 34 пайызга төмөндөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Буга чейин Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Унаадагы» тарифтер төмөндөгөнүн кабарлаган. Ошондой эле мекеме мыйзамдарды бузгандыгы үчүн агенттик алардан 130 миллион сом төлөттүрүп… Кененирээк…

БШК референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-декабрдагы жыйында алдыдагы референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттады. Буга чейин БШК парламентаризмди колдогон бир топту жана референдумда коюлган эки суроого тең каршы болгон үгүт тобун каттаган. Ушул убакка чейин жалпы тогуз үгүт тобу каттоодон өттү. Алардын төртөө президенттик башкарууну,… Кененирээк…

Ош шаардык спорт комитетин спортчу Бекдөөлөт Абакиров убактылуу жетектейт

Ош шаарынын мэриясы 23-декабрда шаардык спорт комитеттин башчысы Кылычбек Саркарбаевди жумуштан алып, анын ордуна Бекдөөлөт Абакировду дайындады.   Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери шаардагы «Жапалак» муниципалдык автоунаа базарынын жетекчиси болуп иштеп келген. Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» бул маалыматты тастыктады:  … Кененирээк…

Милиция Солтон-Сарыдагы алтын кенин белгисиз топ басып алганын ырастады

Нарын облустук милициясы Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алганын 23-декабрда «Азаттыкка» ырастады. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринен турган топ жөнөп кеткенин, толук маалымат 24-декабрда бериле турганын кабарлады.   Алтын кенин белгисиз адамдар басып алганын активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 23-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасында… Кененирээк…