Баткен облусунда күйүп кеткен мектептин ордуна жаңысы курулат

Баткен облусунда күйүп кеткен мектептин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Өмүрзак Анарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, кайра кабыл алуу иштери башталды. Жалпы билим берүү мекемеси 100 орунга чакталат. Объектти тургузуу 8 миллион сомго айланат. Эске салсак, Чоң-Талаа айылынын орто мектеби декабрдын башында күйүп кетти. Бактыга жараша, кырсык учурунда анда балдар жок болчу.