Бишкекте дээрлик 2 миң ишкерлик керектөөчү карыздан улам электр энергиясыз калышы мүмкүн

Бишкекте дээрлик 2 миң ишкерлик керектөөчү карыздан улам электр энергиясыз калышы мүмкүн. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр 28-декабрда болот. Ишкерлерге ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн электроэнергияга болгон карыздарды мөөнөтүнөн кечикпей төлөө сунушталат. Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, анын расмий сайтында “Керектөөчүнүн балансы” рубрикасы бар. Андан бардык жарандар өздүк эсебинин… Кененирээк…

Баткен шаарында жаңы жылдык жасалгалоонун ордуна балдарга белектер берилет

Баткен шаарында жаңы жылдык жасалгалоонун ордуна балдарга белектер берилет. Шаардык маданият бөлүмүнөн билдиришкендей, шаардагы колдоого муктаж 80ден ашык үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык баштыктар тапшырылат. Белектер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан таттуулар менен толтурулат. Белгилеп кетсек, быйыл Баткенде жаңы жылдык балатыны жасалгалоо жана майрам уюштуруу үчүн 169 миң… Кененирээк…

Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандоо мелдеши Бишкекте өткөрүлбөйт

Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандоо мелдеши Бишкекте өткөрүлбөйт. Турнир 2021-жылдын 9-10-11-апрелине Алматы шаарына белгиленди. Коңшу өлкөдө өтө турган тандап алуу мелдешинде 36 лицензия ойнотулат. Алар финалга чыккан спортчуларга берилет. Учурда Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбековдо Олимпиада оюндарына лицензиялары бар.

Бала бакчалар жаңы жылдан кийин ачылат

Бала бакчалар жаңы жылдан кийин ачылат. Бирок, бир гана жергиликтүү бийлик органдары жана санэпидемкөзөмөл борборунун уруксаты менен. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, бала бакчаларды эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, этабы менен ачуу пландалууда. Жусупбекова кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча 362… Кененирээк…

Шайлоо жана референдум өткөрүү учуруна алгоритм иштелип чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлиги шайлоо жана референдум өткөрүү учуруна  алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлери жана добуш берүүчүлөр менен иш алып баргандар бепкап жана кол каптар менен камсыздалат, — деди ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, ар бир шайлоо тилкесинде экиден медицина кызматкери… Кененирээк…

Коронавирус Португалиядагы жаңы жылдык салттарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө

Коронавирус Португалиядагы жаңы жылдык салттарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Эми балдар Санта-Клаустан белек алуу үчүн узун кезектерге турушпайт. Лиссабондо майрамдын уюштуруучулары жаңы жылдын башкы каарманы менен онлайн жолугушууну сунуштап жатат.   Муну менен балдар майрамдык атмосферага үйдөн чыкпай эле чөмүлө алышат.   Онлайн-жолугушууга бардык билеттер дароо эле… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан дагы 309 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 309 адам айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 111, Чүйдө 100, Ошто 20, Таласта 7, Нарында 5, Ысык-Көлдө 27, Жалал-Абадда 23, Баткенде 16 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкодө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 73 миң 870ти түздү.

Малайзияда жаштар 10 миң конок менен өзгөчө той өткөрүштү

Малайзияда жаштар 10 миң конок менен өзгөчө той өткөрүштү. Социалдык аралыкты сактоо талабы дагы бузулган жок. Жуп өкмөт үйүнүн алдында отурду, ал эми коноктор өз унаалары менен алардын жанынан жай өтүп жатты.   Машинелердин терезелерин ачууга уруксат берилген жок. Бирок ар бир конокко тамак-аш топтому… Кененирээк…

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына мектепке зарыл буюмдар тапшырылды

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына мектепке зарыл буюмдар тапшырылды.   Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын, Ош, Чүй облустарынын жана Бишкектин 70 мектебинин   1 миң 130дан ашык окуучусуна окууга керектүү буюмдардын топтому ыйгарылды.   Белектердин жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түзөт. Бул коронавирус пандемиясынан… Кененирээк…

Ысык-Көлдө эт өндүрүүчү ири комбинат курулууда

Ысык-Көлдө эт өндүрүүчү ири комбинат курулууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, ишкана Каракол шаарында ушул жылдын август айында салынып баштады.   Ал кийинки жылы колдонууга берилет деп пландалууда. Комбинат ишке кирген соң, анда жылына 7 миң тоннадан ашык эт өндүрүлүп, 150 жаңы жумуш орду түзүлөт.   Ишкананын… Кененирээк…