Кыргызстандыктар tizme.gov.kg сайтына баш багып, өздөрүн анда бар-жоктугун текшерип алууга 5 күн калды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эске салгандай, жарандар 29-декабрга чейин текшерип алышы керек.
Тизмелер шайлоо тилкелеринде жана сайтта жеткиликтүү. Эгер анда кандайдыр бир ката кетсе, Боршайкомго тиешелүү арыз менен кайрылуу керек. Эске салсак, президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.
Аларда добушун каттоого турган жарандар гана бере алат. Бул ирет форма-2 чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарга гана жеткиликтүү.