Кыргызстанда коомдук-саясий абал туруктуу

Кыргызстанда коомдук-саясий абал туруктуу. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, одоно эреже бузуулар катталган жок. Милиция кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерин күчөтүлгөн режимде аткарууну улантып жатат. Ведомстводон белгилешкендей, кечээ добуш берүү учурунда коомдук коопсуздукту 11 миң милиция кызматкери камсыздады. 5 миңден ашык тартип сакчы шайлоо тилкелерине коопсуздукту көзөмөлдөдү

Автоматтык эсептеги добуштар дээрлик саналып бүттү, кол санак уланууда

Автоматтык эсептеги добуштар дээрлик саналып бүттү, кол санак уланууда. Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров алдыда. Ага 1 миллион 116 миң жаран добуш берди. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, бул акыркы жыйынтык эмес, учурда аймактык шайлоо комиссияларында иштер уланууда, жыйынтык… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Мьянма — Кыргызстан беттеши 30-мартта өтөт

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Мьянма — Кыргызстан курама командаларынын беттеши 30-мартта өтөт. Кыргызстан футбол союзунан билдиришкендей, беттеш Мандалай шаарына белгиленди, ал Бишкек убактысы менен кечки саат 5,5да башталат. Улуттук команда F тайпасында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен жолдомого ат салышууда. Кыргызстан… Кененирээк…

Бишкектин Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштер уланууда

Бишкектин Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштер уланууда. Мэриядан билдиришкендей,  бүгүн уюштурулган рейддин алкагында 10 башаламан соода түйүнү жоюлуп, мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муниципалитеттен эскертишкендей, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жана базардын тегерегинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жеке жактарга 3 миң… Кененирээк…

Бишкекте Ала-Тоо аянтынын борбордук бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкекте Ала-Тоо аянтынын борбордук бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу novosti.kgге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, Чүй проспектисинин Эркиндик тилкесинен Панфиловго чейинки бөлүгү жабык болот. Чектөөлөр болжолдуу түрдө кечке чейин созулат. Мындай чаралар Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан концерттик иш-чарага байланыштуу

11-январдан тартып Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда балдарды кабыл алууга уруксаат берилди

11-январдан тартып Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда балдарды кабыл алууга уруксаат берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп, мектепке даярдоочу жана чоң тайпалар тууралуу болуп жатат. Ал эми калган тайпаларды кабыл алуу этабы менен ишке ашат. Тиешелүү чечим жарандык коргонуу штабында кабыл алынды. Талапка ылайык, мектепке… Кененирээк…

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат. Бул тууралуу Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, чыгарылат. Ошол эле учурда бул… Кененирээк…

Бишкекте жылуу аба-ырайы 17-январга чейин кармалат

Бишкекте жылуу аба-ырайы 17-январга чейин кармалат. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, аба табынын анча чоң эмес өзгөрүүлөрү болушу мүмкүн. Алсак, бүгүн жана эртең ордо калаа +9 градуска чейин жылышы мүмкүн. 14-январда аба-ырайы кайрадан бузулуп, бирок эртеси эле кайра жылыйт.   Жума аягына чейин суук болбойт, — дешет синоптиктер.

Шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн келиши 39,75 пайызды түздү

Шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн келиши 39,75 пайызды түздү. Боршайкомдун маалыматына ылайык, жалпысынан 1 миллион 416 миң 485 адам добуш берди. Шайлоолорго катышуу көрсөткүчү Ысык-Көлдө эң жогору, андан кийин Ош шаары жана Нарын облусу турат.   Ал эми эң аз Чүйдө. Эске салсак, тизмеге жалпысынан 3 миллион… Кененирээк…

Украинанын Черкассы шаарында жолдогу чуңкур килем менен жабылды

Украинанын Черкассы шаарында жолдогу чуңкур килем менен жабылды. Мындай өзгөчө “ремонттун” сүрөтү социалдык тармактарда жүктөлдү. Анда чоң эле чуңкур килем менен жабылып, таштар менен бекитилгенин көрсө болот.   Социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүштү катуу сынга алышты, бирок тамашага салгандар дагы жок эмес.