Бишкектин Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштер уланууда

Бишкектин Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштер уланууда.

Мэриядан билдиришкендей,  бүгүн уюштурулган рейддин алкагында 10 башаламан соода түйүнү жоюлуп,

мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муниципалитеттен эскертишкендей, жол кыймылына

тоскоолдук жараткан жана базардын тегерегинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жеке жактарга 3 миң сом,

ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.