Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Мьянма — Кыргызстан курама командаларынын беттеши 30-мартта өтөт.
Кыргызстан футбол союзунан билдиришкендей, беттеш Мандалай шаарына белгиленди, ал Бишкек убактысы менен кечки саат 5,5да башталат.
Улуттук команда F тайпасында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен жолдомого ат салышууда.
Кыргызстан учурда тайпада экинчи орунда келе жатат.