Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-январь күнү саат 22:01де өлкө аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча үч калысы ФИФАнын быйылкы тизмесине кирди

Кыргызстандын футбол боюнча үч калысы ФИФАнын быйылкы тизмесине кирди. Футбол союзунан билдиришкендей, биздин өлкөнүн адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынды. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпы 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы же каптал калысы жана… Кененирээк…

Кызматка жаңы киришкен АКШ президенти Джо Байден дароо 7 жарлыкка кол койду

Кызматка жаңы киришкен АКШ президенти Джо Байден дароо 7 жарлыкка кол койду. Муну менен мурунку президент Дональд Трамптын чечимдери жокко чыгарылат. Документтердин арасында мусулман өлкөлөрдүн жарандарын Америкага киргизүү тууралуу чектөө да бар. Бул өлкөлөрдүн ичине Кыргызстан да кирет. Эске салсак, Кыргызстандык мигранттардын Америкага киришин чектеген… Кененирээк…

Түндүк-Түштүк альтернативалык трассасын куруу иштерин 2023-жылы аяктоо пландалууда

Түндүк-Түштүк альтернативалык трассасын куруу иштерин 2023-жылы аяктоо пландалууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоор үч этапка бөлүнгөн. Жумуштар ар бир фазада графикке ылайык аткарылып жатат. Ведомстводон белгилешкендей, трасса пайдаланууга берилгенден кийин биринчи капиталдык ремонтко чейин 18 жыл жарактуу болот. Эске салсак, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолду… Кененирээк…

АКШнын жаңы президенти Джо Байден бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө салынган тыюуларды жокко чыгарат

АКШнын жаңы президенти Джо Байден бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө салынган тыюуларды жокко чыгарат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости билдирет. Мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген чечимди Байден жокко чыгарып, мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Учурда… Кененирээк…

Россиядагы кыргызстандыктар 15-мартка чейин документтерин ирээтке келтириши зарыл

Россиядагы кыргызстандыктар 15-мартка чейин документтерин ирээтке келтириши зарыл. Биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жарандар мөөнөтү бүткөн документтерин өз убагынан кечикпей бүтүрүп же узартып, салынган айыптарын жоюшу шарт. Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат.

Бажы кызматы эки көзөмөл түйүнүнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну пландап жатат

Бажы кызматы эки көзөмөл түйүнүнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну пландап жатат. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, бажы инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалды. Муну менен “Иркештам” жана “Торугарт” өткөрүү түйүндөрү модернизацияланат. Ошондой эле чек арадан өткөн оор жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлдү. Бажы кызматына тиешелүү маселеге кеп-кеңеш алуу үчүн Кытай… Кененирээк…

Гонконгдо кардарларды толугу менен роботтор тейлеген бар ачылды

Гонконгдо кардарларды толугу менен роботтор тейлеген бар ачылды. Бизнес ээсинин айтымында, мындай ыкма менен коронавирустун тартап жаткан учурунда адамдардын байланышын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Автоматташтырылган чай барынын кызматкерлерине айлык төлөөнүн кажети жок. Болгону электр энергиясы менен кубаттап туруу жетиштүү. Алар келген конокторго бийлеп берип да көңүл… Кененирээк…

Джо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти

Джо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти. Инаугурация кечээ Вашингтондо өттү. Байден Американын 46-президенти болуп, тарыхта эң кары өлкө башчы аталды. Ал 78 жашта. Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Джо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын… Кененирээк…

Россия кезектеги ирет Кыргызстанга жардам көрсөттү

Россия кезектеги ирет Кыргызстанга жардам көрсөттү. Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришкендей, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык жол менен аныктоо үчүн 20 миң реагент жиберди. Гуманитардык жардам Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу департаментине берилет.