Кызматка жаңы киришкен АКШ президенти Джо Байден дароо 7 жарлыкка кол койду

Кызматка жаңы киришкен АКШ президенти Джо Байден дароо 7 жарлыкка кол койду.

Муну менен мурунку президент Дональд Трамптын чечимдери жокко чыгарылат.

Документтердин арасында мусулман өлкөлөрдүн жарандарын Америкага киргизүү

тууралуу чектөө да бар. Бул өлкөлөрдүн ичине Кыргызстан да кирет. Эске салсак,

Кыргызстандык мигранттардын Америкага киришин чектеген мыйзам былтыр

февралда күчүнө кирген. Мындай чара эл аралык биометрикалык паспортко

байланыштуу деп айтылган. Бирок дүйнөдө 80ден ашык өлкөдө

азырынча биометрикалык паспорт толук колдонула элек.