Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды,
— деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,
жер титирөө 20-январь күнү саат 22:01де өлкө аймагында катталып,
очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында
3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык,
Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.