Каржы министрлиги жарандардын насыясын 286 миллион сомго төлөп берди

Каржы министрлиги жарандардын насыясын 286 миллион сомго төлөп берди. Ведомство маалыматына ылайык, декабрь айына карата кредиттер боюнча пайыздык төлөмдөрдү жабуу 18-январда башталды.   Эске салсак, 100 миң сомго чейин насыясы бар жарандарга мамлекет жардам берүүдө. Белгилеп кетүүчү нерсе, алардын көбү туруктуу иши жок адамдар болуп… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирустан вакцина июлдан эрте келбейт

Кыргызстанга коронавирустан вакцина июлдан эрте келбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева билдирди. Ал белгилегендей, биздин өлкөгө 15 миң адамга ылайыкталган 30 миң доза америкалык вакцина сунушталган.   Бирок аны туура сактоо үчүн -70 градустук температураны камсыздоо керек.   Андай жабдуунун баасы 2 миллион… Кененирээк…

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров премьер-министр кызматын тапшырды

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров премьер-министр кызматын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.   Анын айтымында, бул шайлоолордун расмий жыйынтыгы жарыяланганына байланыштуу. Муну менен Кыргызстандын азыркы өкмөтү отставкага кетти. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнчө министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтарын убактылуу аткара беришет.

Криштиану Роналду киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты

Криштиану Роналду киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт билдирет. 35 жаштагы форвард кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн «Наполи» менен оюнда гол киргизип, беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктады. Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну… Кененирээк…

Акыркы суткада дагы 136 адам коронавирустан айыкты

Акыркы суткада дагы 136 адам коронавирустан айыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, скайгандар Бишкекте – 56, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда –… Кененирээк…

Бишкекте Ала-Тоо аянтында президент инагуруациясына даярдануу иштери жүрүп жатат

Бишкекте Ала-Тоо аянтында президент инагуруациясына даярдануу иштери жүрүп жатат. Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, түзүм 28-январда өтө турган иш-чарага даярдануу менен жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда. Иш-чаранын жүрүшүндө «Ала-Тоо» аянтын тозуу пландалган жок. Белгилеп кетсек, жаңы президенттин инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт.

Бишкектеги Кулатов көчөсү Кытай грантынын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги Кулатов көчөсү Кытай грантынын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мэриядан билдиришкендей, жолдун Байтик Баатырдан Каракөлгө чейинки тилкеси быйылкы жылга пландалган. Тиешелүү кызматтарга жашылдандыруу иштерин, мыйзамсыз объектилерди түрттүрүүнү, ошондой эле эски кабелдерди жана түркүктөрдү алуу жумуштарын тездетүү тапшырмасы берилди. Эске салсак,  быйыл жолдорду кайра калыбына келтирүү долбоорунун… Кененирээк…

Америкада Кыргызстанга болгон виза чектөөсү жокко чыгарылды

Америкада Кыргызстанга болгон виза чектөөсү жокко чыгарылды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка президент Джо Байден кол койду. Белгилеп кетсек, кечээ эле кызматка киришкен Байден дароо 7 жарлыкка кол койду. Анын арасында 13 өлкөнүн жарандарына чектөөлөр алынды, анын арасында Кыргызстан да бар. Эске салсак, айрым… Кененирээк…

Кыргызстандын жаңы президенттинин инагуруациясы 28-январда өтөт

Кыргызстандын жаңы президентти Садыр Жапаровдун инагуруациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчы аппаратынан билдиришти. Салтанаттуу иш-чараны өткөрүүгө уюштуруучу комитет түзүлдү. Эске салсак, Боршайком кечээ 2021-жылкы шайлоонун жеңүүчүсү деп Садыр Жапаровду расмий түрдө жарыялады

Шайлоого катышкан 7 талапкерге 1 миллион сом күрөө акысы кайтарылат

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого катышкан 7 талапкерге 1 миллион сом күрөө акысы кайтарылат. Кеп, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 1 пайыздан ашык добушуна ээ болгон. Анын ортосунда 1 пайыздан аз добуш алгандарга тагыраагы, 10 талапкерге күрөө акысы кайтарылбайт. Ошондой эле дагы бир талапкерге  бюллетендин формасы… Кененирээк…