Россия кезектеги ирет Кыргызстанга жардам көрсөттү.
Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришкендей,
Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык жол менен аныктоо үчүн
20 миң реагент жиберди. Гуманитардык жардам Саламаттыкты
сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу департаментине берилет.