Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын аягында келет

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын аягында келет.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бул максатта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстан «Спутник» вакцинасын аларын билдирген.