Лейлек районунун Голбо айылындагы мектептин курулушу 50 пайызга даяр

Лейлек районунун Голбо айылындагы мектептин курулушу 50 пайызга даяр.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объекти 275 окуучуга ылайык.

Билим берүү мекемесинде техникалык, медициналык жана чеберчилик кабинеттери,

китепкана, окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, компьютердик класстар, машыгуу залы,

ашкана жана чоң зал болот. Долбоорду ишке ашырууга 931 миң доллар сарпталат.

Мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.