“Пари Сен-Жармен” “Барселонаны” 4:1 эсебинде жеңип алды
Чемпиондор Лигасынын беттешинде Франциялык “Пари Сен-Жармен” футбол клубу “Барселонаны” 4:1 эсебинде жеңип алды. Жеңүүчүлөрдүн курамынан 3 голду Килиан Мбаппе киргизсе, дагы бир голду Мойзе Кина жаратты. Жеңилген командадан Лионель Месси айырмаланды. Бул турнирдин жарым чейрек финалындагы кезигишүү болду. Жооп катары беттеш Парижде 10-мартта өтөт.