Нур-Султанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чокусуна уйду көтөрүп чыгышты

Нур-Султанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чокусуна уйду көтөрүп чыгышты. Казакстандын ордо калаасында катталган өзгөчө окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан.   Анда көрүнгөндөй атайын крандын жардамы менен кадимки эле уй 7-кабаттын үстүнө чыгарылды. Малды бир нече киши тосуп алды. Көрсө, курулуштун ээси дал ошол жерден… Кененирээк…

Маршруттук таксинин айдоочулары санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 56 мин сомго айыпка тартылды

Маршруттук таксинин айдоочулары санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 56 мин сомго айыпка тартылды. Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорт рейддери уланууда.   Инспекторлор маршруттук таксилерде санитайзерлердин бар-жоктугун жана беткап режиминин сакталышын текшерип жатат. Талаптарды бузгандарга эскертүүлөр берилди. Бузуулар кайталанса, протоколдор түзүлөт.

Кыргызстанда 9 оорукананын инфекциялык бөлүмдөрүндө оңдоо иштери башталды

Кыргызстанда 9 оорукананын инфекциялык бөлүмдөрүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Кайра калыбына келтирүү иштери “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүрүүдө.   Белгилеп кетсек, ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун жалпы баасы 78 миллион сом.

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо массалык каттоого тургузуу боюнча мыйзам бузуулар болбойт

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо массалык каттоого тургузуу боюнча мыйзам бузуулар болбойт. Бул тууралуу БШК мүчөсү Кайрут Маматов билдирди. Анын айтымында, шаардык каттоосу бар жарандар гана добуш бере алат.   Анын ортосунда үй же батирге 100дөй адамды каттап коюу мүмкүн болбойт. Буга мыйзам жол бербейт. Шайлоо… Кененирээк…

Парламент депутаттары референдумду жаңы Конституция долбоорунун талкуусу аяктагандан кийин белгилейт

Парламент депутаттары референдумду жаңы Конституция долбоорунун талкуусу аяктагандан кийин белгилейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.   Белгилүү болгондой, бүгүн эл өкүлдөрү конституциялык кеңеш тарабынан берилген Негизги мыйзамдын вариантын  кароого алат. Анда айрым талаш жараткан болүмдөр алынат.   Талкуу 9-мартка чейин уланат. Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте дем алыш күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Бишкекте дем алыш күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктер билдиришкендей, 19-февралга чейин күн ысык болот, бирок 20-февралдан тартып кайрадан кар жаап, суук кайтып келет. Бейшемби жана жумада күндүз термометр мамычалары +20…22 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн +10…12ге чейин жогорулайт. Ал эми ишембиде абанын температурасы кескин төмөндөп, карга айланган… Кененирээк…

Өкмөт жарым жылга дары-дармектерди чет өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу ниетинде

Кыргызстан өкмөтү жарым жылга дары-дармек жана медицина каражаттарын чет өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу ниетинде. Мындай чара пандемияга байланыштуу. Токтом долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилер белгилешкендей, экспортко тыюу салуулар быйыл январдын аягына чейин киргизилген. Республика импортко көз каранды болгондуктан дары-дармектердин тизмесин кеңейтип, дагы 6 айга узартуу… Кененирээк…

«Сосновка» жана «Арал» өткөрүү түйүндөрүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

«Сосновка» жана «Арал» өткөрүү түйүндөрүндө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, кечээ кечинде Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу максатында аталган постторго убактылуу чектөөлөр киргизилген

Дүйнөнүн эң бай адамдары аныкталды

Дүйнөнүн эң бай адамдары аныкталды. Bloomberg жарыялагандай, биринчи сапка Аmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 191 миллиард доллар менен жайгашат. Андан кийинкиде 1 миллиардга азыраак тапкан SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск турат. Үчүнчү орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 137 миллиард доллар менен келе… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 61 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 61 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, вирустан айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүй жана Нарын облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 82 миң 452 адамга жетти.