Оштун ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды

Оштун ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, ири коммерциялык объектилер мыйзамсыз жылуулукка кошулган, алардын ичинде мончолор, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу үйлөр да бар.   Мындай учурларда техникалык көрсөткүчтөр дагы эске алынган эмес, ал эми акчаны ЖЭБдин жетекчилиги өздөштүрүп келген.… Кененирээк…

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Мындай чара чукул кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу максатында кабыл алынды.   Министрлер кабиненинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республикада абал туруктуу. Жазга карата башка ведомстволор дагы даярдык көрүүдө.   Алсак, Унаа жана жолдор министрлиги… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришкендей, 21-февраль, жекшембиде таңкы саат 9дан кечки 8ге чейин Суеркулов, Тыныстанов, Ахунбаев, Медеров, Радищев, Лев Толстой, Жукеев Пудовкин, Элебаев, Малдыбаев, Масалиев, Байтик-Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө таза суу жок болот. Андыктан аталган тилкелердин жашоочуларына… Кененирээк…

Тажикстандагы блогерлер эми салык төлөчүлөрдүн катарында

Тажикстандагы блогерлер эми салык төлөчүлөрдүн катарында. Салык комитетинен билдиришкендей, өлкөдөгү блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, соцтармактар жана YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөшү шарт. Соцтармак колдонуучулары өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып, акча алгандыктан ушундай ишке милдеттендирилди. Учурда 4 блогер… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрттөн 60 гектардан ашык токой жана айдоо аянты жабыр тартты

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрттөн 60 гектардан ашык токой жана айдоо аянты жабыр тартты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, тилсиз жоодон жабыр тарткан адамдар катталган жок. Эске салсак, кечээ кечинде  Токмок шаарынын түндүк тарабында камыш аянтында өрт чыкты. Жалын түндө толук өчүрүлдү.

Каракол шаарында Бишкектеги милициянын кайгуул кызматынын аналогу иштеп баштады

Каракол шаарында Бишкектеги милициянын кайгуул кызматынын аналогу иштеп баштады. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев билдиргендей, көчмө милиция 5 атайын унаа менен калаадаг коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Андан тышкары, 32 кызматкер10 тилкеде жөө кайгуул жүргүзөт

Россиялык мугалимдер Оштун мектептерине кайтып келди

Россиялык мугалимдер Оштун мектептерине кайтып келди. Россиянын илим жана маданият борборунан билдиришкендей, педагогдор делегациясы ушул жумада гуманитардык долбоордун алкагында келди. Буга чейин долбоордун старт алышы менен Ошко 17 мугалим келсе, быйыл 29 адис иштеп баштайт. Белгилеп кетсек, педагогдор жыл башында эле мектептерге бөлүштүрүлгөн, бирок эпидемиологиялык… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 10 миллиард куб метрден төмөндөдү

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 10 миллиард куб метрден төмөндөдү. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 9 миллиард 993 миллион куб метрди түзөт. Суунун агып кириши 200 куб метр болсо, кайра агып чыгышы мындан 2,5 эсе көп болуп жатат. Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 53 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 53 адам коронавирусту жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, ковидди жеңип чыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке жана Чүй облусуна туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын жалпы саны 82 миң 583 адамды түздү.

Сирияга, ага мүнөздүү субтропикалык климаттуу өлкөгө кар жаады

Сирияга, ага мүнөздүү субтропикалык климаттуу өлкөгө кар жаады. Анын калыңдыгы 15 сантиметрге жетет.  Бул аталган аймакка сейрек көрүнүш. Кардын жаашы жолдордо унаа тыгындарын жаратып, хаоско алып келди. Машинелер өтүүчү тилкени бульдозерлер тазалап жатышат. Ал эми Дамаск университетинде студенттердин экзамендери токтотулду. Белгилеп кетсек, мындай катуу жаан-чачынга… Кененирээк…