Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрттөн 60 гектардан ашык токой жана айдоо аянты жабыр тартты

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрттөн 60 гектардан ашык токой жана

айдоо аянты жабыр тартты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Андан такташкандай, тилсиз жоодон жабыр тарткан адамдар катталган жок. Эске салсак,

кечээ кечинде  Токмок шаарынын түндүк тарабында камыш аянтында өрт чыкты.

Жалын түндө толук өчүрүлдү.