Март айында кыргызстандыктар 10 күн эс алышы ыктымал

Март айында кыргызстандыктар 10 күн эс алышы ыктымал. Календарга ылайык, өлкө жашоочулары 6-7-8-март, ошондой эле 13, 14, 20, 21, 22-март күндөрү жумушка чыгышпайт. Мында Нооруз 21-март, жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми 27 жана 28-март кадимки дем алыш

Бириккен Араб Эмирлигинин кайрымдуулук фонду Кыргызстанда билим берүү комплексин курат

Бириккен Араб Эмирлигинин кайрымдуулук фонду Кыргызстанда билим берүү комплексин курат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Мөөнөттү тактоо боюнча макулдашуунун жыйынтыгы менен биздин өлкөгө иштерге даярдык көрүүгө жана долбоорду ишке ашырууну баштоо үчүн фонддун делегациясы келет. Билим берүү комплекси тууралуу башка маалыматтар… Кененирээк…

Кочкор районунун Бугучу айылындагы жаңы мектеп жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет

Кочкор районунун Бугучу айылындагы жаңы мектеп жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. 2 кабаттуу 150 окуучуга чакталган билим берүү мекемеси аталган аймакта алгачкы ирет пайда болот. Учурда объектинин курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо жумуштары жүрүүдө. Долбоорду ишке ашырууга 55 миллион сом багытталат, сумма кайрымдуулук фонд тарабынан каржыланууда

Куралдуу күчтөрдүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди

Куралдуу күчтөрдүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды. Эми жоокерлердин тамак-ашында ата мекендик ишкерлер өндүргөн калориялуу азыктар, тагыраагы, колбаса, жумуртка, сыр, коюлтулган сүт, табигый жемиш ширеси болот. Андан тышкары, эт, балык, кесме жана өсүмдүк майынын… Кененирээк…

Ордо калаа бюджетинин жарымынан көбү салтка айлангандай социалдык тармакка багытталат

Ордо калаа бюджетинин жарымынан көбү салтка айлангандай социалдык тармакка багытталат. Бул тууралуу шаардык каржы башкармалыгынын жетекчиси Үмүтжан Аманбаев билдирет. Анын айтымында, шаардык казына жалпысынан 10 миллиард сомдон ашык. Каражат билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарына бөлүнөт. Башкармалыктан белгилешкендей, калаа бюджети теңделди, андан… Кененирээк…

Ордо калаада электр жабдууларын оңдоо иштери уланууда

Ордо калаада электр жабдууларын оңдоо иштери уланууда. Андан улам бүгүн, саат 9дан кечки 5ке чейин Саратов, Комсомол, Пархоменко, Профессор Зима, Керимов, Жибек Жолу, Бектенов, Суюмбаев көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт, — дешти “Түндүкэлектр” ишканасынан. Ошондой эле, Улан 3-7-кичирайондордо жана Арча-Бешик, Ак-Босого, Дордой-2, Энесай конуштарында электр энергиясы жок… Кененирээк…

Бишкектин бардык райондорунда азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкектин бардык райондорунда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл, суу чарба министрлигинен билдиришкендей, ал 20-21-февраль, тагыраагы ушул дем алыш күндөрү уюштурулат. Даректери Чапаев — Айни көчөлөр кесилишинде, 12-кичирайондо, Аалы Токомбаев көчөсүндө, Искак Раззаков – Киев — Токтогул көчөлөр кесилишинде жана Төрөкул Айтматов — Токтогул кесилишинде. Жарманкеден бишкектиктер… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрт толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Токмок шаарынын түндүк тарабында камыш аянтында тилсиз жоо катталды. Кечки 6,5да башталган өрт, жол жээгиндеги күйүүчү май сатуучу жайга жакындаган. Андан улам 4 өрт өчүрүү кызматы тартылып, саат 10до толук өчүрүлдү. Азырынча өрттүн… Кененирээк…