Куралдуу күчтөрдүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди

Куралдуу күчтөрдүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды.

Эми жоокерлердин тамак-ашында ата мекендик ишкерлер өндүргөн калориялуу азыктар, тагыраагы,

колбаса, жумуртка, сыр, коюлтулган сүт, табигый жемиш ширеси болот. Андан тышкары, эт, балык,

кесме жана өсүмдүк майынын суткалык ченеми жогорулайт. Норма адистер тарабынан

иштелип чыгып, илимий изилдөөлөрдөн кийин кабыл алынды