Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Токмок шаарынын түндүк тарабында

камыш аянтында тилсиз жоо катталды. Кечки 6,5да башталган өрт, жол жээгиндеги күйүүчү май сатуучу

жайга жакындаган. Андан улам 4 өрт өчүрүү кызматы тартылып, саат 10до толук өчүрүлдү.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себеби айтыла элек.