Бишкектин бардык райондорунда азык-түлүк жарманкеси өтөт.
Айыл, суу чарба министрлигинен билдиришкендей, ал 20-21-февраль,
тагыраагы ушул дем алыш күндөрү уюштурулат. Даректери Чапаев — Айни көчөлөр кесилишинде,
12-кичирайондо, Аалы Токомбаев көчөсүндө, Искак Раззаков – Киев — Токтогул көчөлөр кесилишинде жана
Төрөкул Айтматов — Токтогул кесилишинде. Жарманкеден бишкектиктер азык-түлүктүн
түрүн таба алышат жана андагы товарлар дүң баада сатылат.