Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси тилкелерге илинди. БШКдан билдиришкендей, аны менен ошондой эле, “Тизме” порталынан таанышып алса болот. Тизмеден жарандан өздөрүнүн бар-жогун тактап, зарыл болсо 27-мартка чейин өзгөртүү киргизе алышат.
Добуш берүүгө 18 жаштан жогорку, биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар катыша алат.
Эске салсам, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.