Нарын облусунда азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда.
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турат.