Бишкек – Кара-Балта темир жол каттамы 31-мартта аткарылбайт

Бишкек – Кара-Балта темир жол каттамы 31-мартта аткарылбайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан эскертишти. Маалыматка ылайык, убактылуу чектөө Беловодск – Шопоков тилкесинде жол оңдоо иштерине байланыштуу. Поезд кайрадан 1-апрелден тартып, жүгүртмөгө ылайык жүргүнчүлөрдү ташып баштайт.

Каракол – Эңилчек унаа жолу бүгүн, эртең жабык болот

Каракол – Эңилчек унаа жолу бүгүн, эртең жабык болот. Ак-Суу райондук администрациясынан тастыкташкандай, тилкенин 38-112-чакырым аралыгында кар күрткүсү пайда болду. Кар массасынын бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет. Андан улам, жарандардын коопсуздун камсыздоо максатында 1-апрелге чейин убактылуу чектөөлөр киргизилди. Жеринде тазалоо иштери тынымсыз аткарылууда

Ысык-Көл облусунун Төрт-Көл айылында жаңы маданият үйү ачылды

Ысык-Көл облусунун Төрт-Көл айылында жаңы маданият үйү ачылды. Аймакты өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, аталган айылда буга чейин маданий иш-чараларды өткөрө турган мекеме жок болчу. Курулуш иштерине фонд тарабынан дээрлик 15 миллион сом сарпталды. Маданият үйү 200 орунга чакталат, объекти бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, эмеректер орнотулду.

Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Ленин районуна жаңы аким дайындалды. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кызматка Мелис Өскөмбаев бекитилди. Аталган орунду буга чейин ээлеп келген Чынасыл Чыныбаев өз каалоосу менен иштен бошотулган. Ал район акими болуп 2020-жылдын август айында дайындалган.